Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Экономика

Кыргызстандагы лабораториялардын бири.
Кыргызстандагы лабораториялардын бири.

Кыргыз өкмөтү коронавирустан улам экономикалык абалды турукташтыруу боюнча антрикризистик план иштеп чыгат.

Дүйнөнүн үшүн алып, санаага салган коронавирустан сактануунун айласын көрүп жаткан Кыргызстан эми экономикалык зыянын эсептөөгө өттү.

5-мартта өткөн бул илдеттин алдын алуу боюнча кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөнү каптаган коронавирустун кесепетинен Кыргызстандын экономикасы жабыркай турганын, ушундан улам өкмөт бардык кооптуу жагдайларды азайтышы керек экенин эскерткен.

Бул үчүн атайын штаб түзүлүп, антикризистик план иштеп чыгууну көздөп турат. Штабды вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, антикризистик штаб эки багытта иш алып барганы жатат.

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

«Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер Асрандиев жетектеген штаб зарыл азык-түлүк менен тиешелүү көлөмдө камсыз кылуу маселеси менен алектенүүнү тапшырды. Ал азык камылгасына талдоо жүргүзүп, кайсы товарды, кайдан, кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келсе болорун аныкташы керек. Экинчиси - Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрү азайып баратат. Ушул багытта штаб иш алып барышы керек», - деди Эсенгул уулу.

Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга туура келет. Бул өлкө менен чек аранын жабык болушу өкмөттү тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан антикризистик пландын алкагында эгер жугуштуу илдет басаңдабаса, бюджеттин киреше бөлүгүн кантип толтурабыз жана альтернативалуу базарларды кайдан табабыз деген маселелер боюнча иш-чаралар аныкталышы керек.

Азырынча антикризистик планда кандай чаралар камтылары белгисиз. Бирок өкмөт Кытай менен чек аранын жабылышынан жана коронавирустан улам башка өлкөлөр менен алыш-бериш чектелсе экономикага кандай зыян келерин эсептеп жатат.

Экономика министрлигинин тейлөө тармагын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, учурда үч сценарий боюнча план даярдалууда.

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

«Биринчиси болуп, оптимисттик план деп айтсак болот. Марттын аягында же апрелде коронавирустун мизи кайтып, Кытай менен чек ара ачылып калса ортодогу төмөндөө күзгө чейин калыбына келип калыш керек. Экинчиси болсо, эгер абал ушундай эле сакталып, чек аралардын жабылышы чек арадан ооп кетсе ишкерлер менен сүйлөшүп, биздеги ишканалардын багытын өзгөртүүнү пландап жатабыз. Алар Кытайдан алып келчү товарлардын ордун толтурууга аракет кылабыз. Бул үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каражатын пайдаланса болот. Ал эми үчүнчү вариант - пессимисттик план. Аны азырынча толугу менен айтпай коё туралы», - деди Шамшиев. Ал коронавирустан улам Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө өзгөртүү киргизилиши мүмкүн экенин четке каккан жок.

Кыргызстанда Кытайдын товары кездешпеген базарды элестетиш кыйын. Кийим-кече, буюм-тайымдан баштап өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканаларына чейин негизги чийкизат Кытайдан ташылат.

Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүк кеңешме.
Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүк кеңешме.

Кытайдын Ухань шаарында чыккан жугуштуу эпидемияга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабылганына бир айга жакын убакыт болду. Буга байланыштуу базарда айрым товарлардын тартыштыгы сезиле баштады.

Өлкөдөгү бир канча тармакта иш алып барган ишкерлердин башын кошкон Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыровдун айтымында, учурда ишкерлер Кытайдын ордуна чийкизат алып келчү башка өлкөлөрдү издей баштады.

Фархат Пакыров.
Фархат Пакыров.

«Ишкерлер менен сүйлөшүп, жеңил өнөр жай жаатында Индия менен сүйлөшүп, буюртма берип, изилдеп көрдүк. Бирок Кытай жабык болгон Орусия жана башка өлкөлөр Индияга буюртма берип, ээлеп алган экен. Учурда Азиянын башка өлкөлөрүнөн чийкизат алып келчү жаңы базарларды издеп жатабыз. Биз үчүн коркунучтуу болгон нерсе Кытай эле эмес, ушул өлкө менен соода жүгүрткөн коңшу өлкөлөр да чектөө киргизилсе болот».

Ал эми экономика илимдеринин доктору Акасбек Абдурашитов өкмөт антикризистик план түзүүдө азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, мындан ары көптөгөн азыктарды өлкөдө өндүргүдөй шарт түзүшү зарыл экенин билдирди.

Коронавирус же COVID-19 илдети Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Андан бери дүйнө боюнча жугуштуу илдетке кабылган 95 миң адамдын ичинен 3 200 киши каза болду. Оору тараган өлкөлөрдүн саны 80ге жетти. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун таралышы өзүнүн эң бийик чегине али жете элек экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда бул жугуштуу оору каттала элек. Өкмөт атайын штаб түзүп, илдеттин алдын-алуу чаралары көрүлүп жатканын айтууда. 5-мартта сөз болуп жаткан штаб кыргызстандыктарды массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөгө жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууга чакырды.

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу коронавируска байланыштуу кырдаалга арналды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Майлуу-Суудагы заводдун иши аксады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00

Кезегинде атагы алыска тараган, Майлуу-Суу лампа заводу токтоп калуу коркунучуна кептелди. Заводдо өндүрүштүн ыргагы басаңдап, жумушчулардын саны да кыскара баштады. 10 жылдан ашуун убакыттан бери банкроттук абалда иштеп келе жаткан заводдогу жумуштун токтошу кызматкерлер менен катар жергиликтүү тургундарды да тынчсыздандырууда. Өкмөт лампа заводун “Кыргызмунайгаз” ишканасына берүү жагын караштырып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG