18-мартта эртең менен Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу маалымат тарагандан кийин элдин азык-түлүктү адаттагыдан көп сатып алып жатканы байкалды. Бишкектеги жана аймактардагы базарларда унга кезекке тургандар көбөйдү. Өкмөт өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин айтып, элди дүрбөлөң болбоого чакырды. "Азаттык" азык-түлүк саткан базарларды, гипермаркеттерди кыдырды.
Экономика
шаршемби 18 Март 2020
“Азаттыктын” “Эки-бир” форматындагы эксклюзив маегинин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештин, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Султанов. Саясатчы COVID-19 вирусуна байланышкан экономикалык тобокелдиктер, акча саясаты жана Кыргызстандын экономикасынын талылуу маселелерине байланышкан суроолорго жооп берди.