Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:11

Экономика

Акча алмаштыруучу жайдагы курстар. 19-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда доллар менен евронун сомго карата катышы кескин жогорулады. Учурда өлкөдөгү коммерциялык банктарда жана акча алмаштырчу жайларда 1 доллар 85 сомдон сатылып жатат.

Кыргызстанда коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда доллар менен евронун куну 19-мартта кечке маал кескин көтөрүлүп кетти. Ушу тапта «Демир банк», «Бай түшүм», «Компаньон», «Кыргызстан» банктарынын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 94 сомго чейин чыкты.

Дал ушундай эле абал Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда байкалды. Аталган жайлардын биринде иштеген Алтынбек аттуу адамдын айтымында, мындай курсту Улуттук банк бекиткен.

«Биз өзүбүз да түшүнбөй калдык. Туруп-туруп эле Улуттук банк 1 долларды 84,85 курс менен чыгарды. Эми кандай болору тууралуу божомол деле жок. Өзүбүз нес болуп турабыз», - деди ал.

Доллардын курсун көтөрүүнү Улуттук банк сунуш кылганын коммерциялык банктардын биринде иштеген, атын атабаган кызматкер да ырастады. Анын айтымында, 1 долларды 85 сомдон сатуу башкы регулятордун 20-мартка карата расмий курсу.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева өзгөрүүнү өнөктөш мамлекеттердеги финансы рыногундагы олку-солкулукка байланыштырды:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

«Өнөктөш өлкөлөрдүн улуттук валюталарында күтүүсүздүк белгиленип жатат. Ошонун негизинде биздин ички валюта рыногубузда да чет өлкө валютасына болгон суроо-талап жогорулаганы байкалууда. Биз аны көрүп жатабыз. Азыркы учурда Улуттук банк рынокко интервенция менен чыкты. Жыл башынан бери эле 199 миллион долларды валютанын кескин секиригин токтотуш үчүн чыгардык».

Деген менен бул органдын расмий сайтында 1 доллар 72 сом 90 тыйын деген чек менен турат.

Доллар менен евронун сомго карата акыркы секириги Орусия менен Казакстандын валюта базарындагы олку-солку жагдайдын фонунда болуп отурат. 18-мартта Москва биржасында рубль арзандап кеткен.

Мындай кырдаалда орус валютасы кыргыз сомуна карата да төмөндөгөн эле. Мисалы, акыркы сааттарда 10 миң рубль 8 миң сомго тете болуп калган. Бул жагдай калкынын 1 миллионго жакыны Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттары үчүн жагымсыз абал болгону айтылган эле.

Эми Улуттук банктын 19-марттагы 3,7 миллион долларлык акыркы интервенциясынан соң сом менен рублдин баасы теңелгендей болду.

Негизи кыргыз өкмөтү алтын-валюталык запастын эсебинен быйыл долларды ооздуктоого бир топ аракет кылды. Мындай максатта жыл башынан бери, эки жарым айда эле Улуттук банк 199 миллион долларды сатыкка чыгарды. Салыштыруу үчүн 2019-жылдын акырына чейин жалпысынан 151 миллион гана доллар саткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев доллардын курсун көтөрүү боюнча Улуттук банктын чечимин аргасыз кадам катары баалады:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Бул кырдаал сөзсүз Орусиядагы кырдаалга байланыштуу. Балким, бизде дүйнөлүк экономиканын таасири анча сезилбеши мүмкүн, бирок орус экономикасындагы абал бизге сезилип турат. Ушундай кырдаалда биз күч менен сомдун курсун кармасак болот. Бирок биздин алтын-валюталык резерв түгөнөт. Анда бизге чоң маселе жаралат».

Ошентип, Кыргызстанда доллар 16% ашык кымбаттап кетти. Өлкөдө көптөн бери мындай кескин секирик боло элек болчу.

Бир нече жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ошол эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион АКШ долларын 72,90 сомдон сатыкка чыгарган. Андан кийин эки ирет жалпысынан 86,1 миллион доллар саткан.

Ушул аптанын башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук банк менен сүйлөшүп, бийлик доллардын курсун 73 сомдон көтөрбөөгө аракет кыларын билдирген болчу:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Мунайдын баасын түшкөндүктөн, коңшу мамлекеттер улуттук валюталарын түшүрүүгө мажбур болушту. Орусияда 10%, Казакстан 4,12% чейин түштү. Биз Улуттук банк менен сүйлөшүп, сомдун баасын 73 деп кабыл алдык. Ушул чекте кармайбыз».

Валюта базарындагы мындай өзгөрүү өлкөдөгү жалпы социалдык-экономикалык жагдайга таасирин тийгизери болжолдонууда. Финансист Кубан Чороев мындай кырдаал кыргыз экономикасын алсыратат деген пикирде.

«Акыркы кырдаал биздин экономиканы беш жылга артка тартып салды, - деди адис. - Мындай валюталык кризистер адатта ар бир 6-7 жылда кайталанып турат. Бул экономикалык цикл деп аталат. Ошондуктан азыр да бул цикл келди. Бул нерсе бизди 2014-жылкы абалга алып барып койду десек болот».

Кыргызстанда улуттук валюта эркин жүгүртүүгө коё берилген. Бийлик сомдун курсун валюта базары аныктай тургандыгын билдирип жүрөт.

Акыркы күндөрү дүйнөлүк базарда мунай кескин арзандап жатат. Маселен, мунайдын «Brent» үлгүсүнүн бир баррели 25 долларга чейин төмөндөдү. Бул өз кезегинде экономикасы кара майга байланган Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн улуттук валютасынын төмөндөшүн шарттап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
COVID-19: Соода кайрадан кызыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG