Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:40

Экономика

Борбор Азия боюнча изилдөөчү Давиде Канкарини.

Италиянын гезиттери соңку мезгилде Өзбекстанга өзгөчө көңүл буруп, көп макалаларды басып келет. Борбор Азия боюнча изилдөөчү Давиде Канкарини Өзбекстандын аймактын лидерине айлануу потенциалы бар деген пикирде.

"Азаттык": Италиялык маалымат каражаттарында Өзбекстан тууралуу көп маалыматтар чыга баштаптыр. Негизинен эмне деп жазышат?

Канкарини: Ооба, соңку мезгилде Италияда Өзбекстанга кызыгуу артып жатат. Медиада Өзбекстан саякаттоого жеңил, маданий мурастарга бай өлкө катары сүрөттөлөт.

Туризмге токтолсок, өзбек өкмөтүнүн италиялык жарандар үчүн визаны жойгон чечими абдан маанилүү болду. Ошондой эле инфраструктуранын жакшырганы, өлкөнү кыдыруу кыйла оңой болуп калганы, мейманканаларда тейлөөнүн сапаты жакшырганы, дээрлик европалык деңгээлге жеткени баса белгиленет.

Көп жылдардан бери көз жаздымда калып келген, калкы, айрыкча жаштары көп өлкө, миң жылдык тарыхы жана маданияты бар, ислам жана советтик дүйнө ортосундагы жер деп сыпатташат.

Улуу Жибек жолунун чордонундагы мамлекет кытай долбоорлорун өзгөчө кызыктырганы да баяндалат. Көпчүлүк макалаларда италиялык ишкерлер, компаниялар үчүн түрдүү тармактарда бизнес жүргүзүүгө бир топ мүмкүнчүлүктөр бар экени, Италияда жасалган товарлар Өзбекстанда абдан популярдуу болгону белгиленет. Кыскасы өлкөгө кызыгуу күч.


"Азаттык": Мынчалык кызыгуунун себеби эмнеде?

Канкарини: Менимче, кызыгуу Кытайдын "Бир алкак - бир жол" долбоорунун башталышы менен пайда болду. Ошол демилгенин арты менен Борбор Азиянын мурда көлөкөдө калып келген, анча белгисиз аймагы тууралуу көбүрөөк сөз боло баштаган.

Италияда бул долбоорду абдан реклама кылышкан. Бизде порттор көп экенин унутпайлы. Алсак, Триесте, Генуя өңдүү чоң порттор ошол долбоорго камтылган. Андан тышкары Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши да салым кошту. Себеби, Өзбекстан ушу тапта туризм же экономика болобу, сырткы дүйнөгө ачык өлкө катары сыпатталууда. Инвестиция салууга мүмкүнчүлүктөр бир топ.

Италия өкмөтү Өзбекстанды италиялык ишкерлерге таанытуу үчүн аракет кылып келет. Бул маселе менен тышкы иштер министринин жардамчысы Манлио ди Стефано алектенет. Ал Борбор Азияга, анын ичинде Өзбекстанга бир нече жолу барып кеткен.


"Азаттык": Сиз айтып жаткан экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы президент Мирзиёевдин эмгеги деп ойлойсузбу?

Канкарини: Албетте, экономикалык жагынан алганда дал ушундай. Ал киргизген реформалар Өзбекстанга болгон кызыгуунун өсүшүнө өбөлгө түзүп келет. Бизнесмендер инвестиция салардан мурда ошол өлкө саясий, экономикалык жана укуктук жактан канчалык ишенимдүү деп иликтеп чыгышат. Соңку айларда эки тараптын улуттук жана аймактык деңгээлдерде түрдүү жолугушуулары болду. Анын арты менен италиялык ишкерлер өлкө менен таанышып жатат. Ишеним климатын орнотуу үчүн бул абдан маанилүү. Италия - чакан жана орто бизнестин өлкөсү. Өзбекстан ишенимдүү өлкө деген ой калыптанып калса, ал жакка инвестиция салууну каалаган ишкерлер көбөйөт.

"Азаттык": Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы дайыма сынга алынып келет. Бул жагынан караганда италиялык ишкерлер экономикалык кызыкчылыктарга артыкчылык берет десек болобу?

Канкарини: Италиянын прессасында Өзбекстандагы адам укуктары тууралуу көп сөз кылынбайт. Анын ордуна Мирзиёев баштаган жана жүргүзүп жаткан экономикалык реформаларга көңүл бурушат. Европа Биримдигинин институттары адам укуктары жаатында активдүү. Бирок жалпысынан өлкөнүн экономикалык жана кайсы бир деңгээлде саясий ачыктыгына басым жасалат.

Самарканд
Самарканд


"Азаттык": Өзбекстанды Борбор Азиянын лидерине айланып баратат десек болобу?

Канкарини: Италияны алсак, Борбор Азиядан көбүнчө Казакстан менен Өзбекстанды таанышат. Жөнөкөй кишилер калган жумурияттардын аталыштарын деле билишпейт. Өзбекстандын туристтик потенциалы менен таанышкандардын саны артканы, Казакстанга караганда Өзбекстанды билип калган италиялыктар көбөйүүдө.

Ал эми ишкерлик жагынан Казакстан маанилүү. Италия Казакстандын Орусиядан кийинки экинчи соода өнөктөшү. Менин көз карашымда Өзбекстан Борбор Азиянын лидери. Аймактагы калган жумурияттар жана Ооганстан менен чек аралаш, калкынын саны боюнча эң ири мамлекет болгону, уникалдуу маданий мурастары сакталганы, ачыктыкка карай багыты аймактагы эң маанилүү өлкөгө же сыртта эң көп таанылган өлкөгө айлантышы мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Вефа» соода борбору.

Бишкектеги «Вефа» соода борборуна ээлик кылуу боюнча кыргыз ишкери менен түрк бийлигинин ортосундагы мүлк талаш экинчи айлампага чыгып, кайрадан Жогорку сотто каралууда.

«Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги түрк бийлиги эки мамлекеттин дипломатиялык мамилесин пайдалануу аркылуу сотторго таасир этип, Бишкектин чок ортосундагы «Вефа» соода борборун тартып алууга аракеттенип жатканы тууралуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Бишкектеги «Вефа» соода борборун түркиялык «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы 2006-жылы курган. Бирок 2016-жылы февраль айында «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому менен «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы мүлктү ага өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча бүтүмгө келишкен.

Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгону жарыяланып, «Гүлен» кыймылына таандык ишкерлердин мүлкү түрк бийлигине өткөрүлө баштаган.

Алардын катарында 2016-жылы август айында «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» акционердик коому да улутташтырылган. Ал эми түрк мамлекетине караштуу болуп калган ал ишкана Бишкектеги «Вефа» соода борбору компаниянын курамынан мыйзамсыз чыгарылган деген негиз менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомун сотко берген.

«Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Умсун Назарбекова соода борборун ак ниет аларман катары сатып алганына карабастан, азыр иш жүзүндө аны менен түрк бийлиги соттошуп, тартып алуу аракети жүрүп жатканын билдирди:

Бул соода борборун мен Түркия мамлекетинен алган эмесмин. Азыр болсо түрк бийлиги бизди сотко берип жатпайбы. Төңкөрүшкө чейин кадимкидей эле иштеп жаткан ишкерлеринен сатып алгам.
Умсун Назарбекова


«Ага чейинки өзүбүздүн мүлктөрдү бердик, акчалай бердик, насыя алдым. Ошону менен кезинде «Вефа» соода борборун сатып алганбыз. 2016-жылы июль айынын орто ченинде "Түркияда төңкөрүш аракети болду" деп айтып калышты. Ошол окуядан кийин түрк бийлиги менен «Гүлен» кыймылынын жактоочуларынын ортосунда келишпестик келип чыкты. Анан түрк бийлиги биз мурда сатып алган «Вефа» борборун «террорчулардын» курган объектиси болгон деген шылтоо менен тартып алгысы келип жатат. Бул соода борборун мен Түркия мамлекетинен алган эмесмин. Азыр болсо түрк бийлиги бизди сотко берип жатпайбы. Төңкөрүшкө чейин кадимкидей эле иштеп жаткан ишкерлерден сатып алгам. Азыр ошол ишкерлерди «төңкөрүшкө катышкан» деп күнөөлөп жатышат. Түрк мамлекетинин доосу болсо, аларды сотко берип, доосун өндүрүп алышпайбы. Соода борборун сатып алганы үчүн эмнеге кыргыз жараны жабыр тартышы керек?».

Ал эми «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун юристтери «Вефа» соода борборунун уставдык капиталын түзүү келишими 2016-жылы 29-февралда, башкача айтканда, Түркиядагы төңкөрүш аракетинен беш ай мурда жана Түркиядагы «Өзгүн Иншаат» акционердик коому улутташтырылгандан жарым жыл мурда түзүлгөнүн белгилешти.

Ошондуктан алар сотто «Аруу Жылдыз» жарым жыл мурун түрк бийлиги компаниянын ошол кездеги кожоюндарын террорчулукка айыптап, компанияны мамлекетке өткөрөрүн каяктан билмек эле?» деген суроону кабыргасынан коюшту. Ал кезде компаниянын кожоюндары өздөрү каалагандай чечим кабыл алганын, ал эми алды-сатты жүргөн кезде аталган компанияда түрк мамлекетинин үлүшү болбогонун жүйө келтиришти.


Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров дипломатиялык өкүлдөрдүн өлкөнүн ичиндеги чарбалык талаштарга аралашканы туура эмес экенин белгилеп, жарандардын Баш мыйзам кепилдеген менчик укугунун кол тийгистигин мисал келтирди:

«Вефа» соода борбору боюнча эгерде түрк элчилигинин кандайдыр бир дооматы болсо, анда анын мурдагы кожоюндарына коюп, аны менен эсептешип алууга тийиш.
Элдар Абакиров.


«Биздин мамлекет жарандардын Кыргызстандагы жеке менчигин бекем коргоп бермейинче, инвестициялык климат бузулуп, жаңы ишканалар ачылып, жаңы жумушчу орундары түзүлбөйт. Анткени биздин ички инвесторлор чочулап, каражатын өлкөнүн ичиндеги ири долбоорлорго салгандан коркуп калышат. Ички инвестиция чет өлкөлөргө чыгып, миграциянын агымы күчөйт. Бул жагдай албетте, биздин экономикага олуттуу сокку урат. Экинчиден, Жарандык кодексте кыймылсыз мүлктү сатып алуучунун аракеттерине баа берген «ак ниет аларман» деген түшүнүк бар. Мында кайсы бир жаран кандайдыр бир мүлктү акчасын толук төлөп, сатып алган болсо, ага доо койгонго мүмкүн эмес. «Вефа» соода борбору боюнча эгерде түрк элчилигинин кандайдыр бир дооматы болсо, анда аны мурдагы кожоюндарына коюп, эсептешип алууга тийиш. Кыймылсыз мүлктү сатып алган ак ниет аларман бул жерде жабыркабашы керек. Тышкы иштер министрлиги «түз дипломатиялык ишиңерди кылгыла» деп түз эле жооп берип койсо болмок».

Кыргыз бийлигин сынаган Анкара

Анткен менен түрк бийлигинин Кыргызстандагы «гүленчилердин» улутташтырылганга чейин эле, андан бир топ ай мурда сатылып кеткен мүлкүнө көз артканын Түркия мамлекетинин материалдык кызыкчылыгы катары эмес, ФЕТО маселесинде саясий колдоо издеп, кыргыз бийлигин сынап көргүсү келген аракети катары карагандар да бар.

Расмий Анкаранын жүйөсүн колдоп, бирок ысымын атагысы келбеген саясий серепчинин айтымында, соттун акыркы чечими эки тараптуу мамиленин келечегине таасир этиши мүмкүн:

«Түрк мамлекети үчүн бизде турган «Вефа» соода борбору түккө турбайт. Ал үчүн мунун кандайдыр бир материалдык баркы же баасы деле жок. Бирок бул мүлктү кайтарып алуу маселеси символикалык жактан маанилүү. Анткени бул маселе түрк мамлекетинин Кыргызстандагы ФЕТО уюмуна карата жеңишинин көрсөткүчү болуп калат. Анан да түрк мамлекети Кыргызстан менен болгон мамилесин «Вефа» соода борбору боюнча соттун чыгара турган чечими аркылуу сынап көргүсү келип жатат. Ошого жараша түрк тарап кыргыз бийлиги менен мындан ары кантип кызматташарын чечет. Анткени президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга иш сапары менен барганда «кызматташтыкты чыңдайбыз, соода жүгүртүүнү көбөйтөбүз» деп айткан. Бирок түрк тарап кыргыз бийлигине Кыргызстандагы «гүленчилер» боюнча шарт коюп келе жатат».

Ал эми башка бир саясат талдоочулар түрк бийлиги расмий Бишкекке карата ошондой ниетте болсо, анда бул саясий шантаж жана бир тууган өлкөгө үстөмдүгүн көргөзгүсү келген басым катары кабыл алынууга тийиш деген турумду карманышат. Анткени расмий Анкара ички чатагын чечүүгө кыргыз бийлигин аралаштырууга акысы жок дешет алар.

Соттук материалдарда Түркиядагы төңкөрүш аракети 2016-жылы 15-16-июлда болуп, ошол окуядан кийин гана түрк бийлиги «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун кожоюндарын «Гүлен» кыймылына байланыштуу сыртынан айыптап, аларга караштуу «Иншаат» компаниясы мамлекетке өткөнү көрсөтүлгөн.

Түрк бийлигине өткөн бул компаниянын жетекчилиги туура бир жылдан соң 2017-жылы гана Бишкектеги «Вефа» соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. Бул иш Кыргызстанда биринчи жана экинчи соттук инстанцияларда каралып, соттор Түркиянын «Өзгүн Иншаат» компаниясынын менчик укугу бузулбаганын белгилеп, кыргыз ишкеринин соода борборуна карата менчик укугун тааныган чечимдерди чыгарган.

Бирок иш 2018-жылы декабрда Жогорку сотко жеткенде, ал азыркы менчик ээсинин пайдасына чыккан буга чейинки сот чечимдерин жокко чыгарып, аны кайра кароого жөнөткөн. Азыр бул ишти экинчи айлампада кароо Жогорку сотко чейин жетип, соттук териштирүү улантылууда.

Түрк компаниясы менен соттошуп жаткан кыргызстандык ишкер Умсун Назарбекова түрк элчиси Жогорку сотко байма-бай каттап, эми судьяларга басым жасоого аракеттенип жатканын белгиледи:

«Түрк элчисинин улам аталган сот жараянына барып, катышып жатканы туура эмес. Бул дипломаттын ал жакка барып, соттор аталган иш боюнча чечим кабыл алууда аларга психологиялык басым катары кабыл алынышы мүмкүн. Албетте бардык адамдар бул ачык сот жараянына келип катышууга акысы бар. Мүмкүн анын сотко келип, байкоо жүргүзүп турууга укугу бардыр. Бирок эки өлкөнүн ынтымагына данакер болчу, жогорку дипломатиялык кызматтагы адамдын чарбалык талаш боюнча сот ишине келип катышып жатканы моралдык-этикалык жактан алып караганда деле кандай болуп калат? Элчилер деген эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге жакшы таасир этип, өнүгүүгө өбөлгө түзө турган дипломатиялык мамилени чыңдап, калыстыгын карманып, эриш-аркак иш алып барышы керек эле деген ойдомун».

Ошол эле кезде «Вефа» соода борборунун алды-сатты келишимин жокко чыгарууну сураган түрк тараптын доо арызы боюнча сотто жоопкер тарап катары өтүп жаткан «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат сот жараянына өзүнүн командасы менен келип катышып жатканын анын эки мамлекеттин дипломатиялык жана саясий байланыштарынын кызыкчылыгын пайдалануу аркылуу соттордун чечим кабыл алуусуна таасир этүү аракети катары баалады.

Элчилик эреже

Ошол эле кезде Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Аскар Бешимов Вена конвенциясына ылайык, дипломаттар иштеп жаткан өлкөдөгү сот жараяндарына байкоочу катары катышууга акысы бар экенин айтып, бирок сот чечимдерине таасир этүү аракети аныктала турган болсо, анда ал дипломатиялык эрежеге сыйбастыгын белгиледи:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Элчи же элчиликтин башка бир кызматкерлери, адатта консулдар негизинен сот жараяндарына жактоочу же айыптоочу тараптын кызыкчылыгында эмес, жөн эле байкоочу катары катышууга толук акысы бар. Бирок ал сот жараянына аралашпай, судьялардын чечим кабыл алуусуна кандайдыр бир басым көрсөтүп же таасир этүүсүнө жол берилбейт. Эгерде ошол сотто чыгып алып сүйлөп, жактоочу же айыптоо тарабында болсо, анда бул башка кеп. Дипломатиялык кызматкерлер иштеп жаткан өлкөлөрдө жүрүп жаткан сот жараяндарына катышуунун өзүнүн тартиби бар. Алар алгач Тышкы иштер министрлигине же ал аркылуу сот органдарын кайсы бир сот ишине катышуу ниетин билдирип, катта тиешелүү максатын көргөзүп, уруксат алуу үчүн кабарландыруу жиберүүгө тийиш. Анан тараптардын уруксаты менен алардын сот ишине байкоочу иретинде катышууга уруксат берилет».

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» ишканасы менен «Аруу Жылдыз» ишканасынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, «Вефа» соода борбору «Аруу Жылдыз» ишканасынын карамагына өткөн.

Түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылууда. Түркияда «Кайнак Холдинг» акционердик коомуна жана «Өзгүн Иншаат» ишканасына кезинде кылмыш иши козголуп, тергелип келген. Түрк бийлиги менен «гүленчилердин» ички тирешинен улам, 2015-жылы 17-ноябрда «Кайнак Холдинг» компаниясы жана анын филиалдары камоого алынган. Ал эми 2016-жылдын 11-апрелинде «Өзгүн Иншаат» да камоого коюлган. Андан көп өтпөй Түркия өкмөтү бул ишканаларды мамлекеттештирген. Мына ошол окуядан кийин расмий Анкара «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун мүлкү жана анын филиалдары Түркиянын менчиги экенин жарыялаган.

Ал эми түрк бийлиги «гүленчи» катары айыптаган түрк ишкерлеринин Казакстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөгү мүлкү дагы бул окуяларга чейин эле жергиликтүү ишкерлерге сатылып кеткендиктен, расмий Анкара аларга карата доомат коё алган эмес.

«Өзгүн Иншаат» компаниясынын адвокаты Алия Турумбекова элчинин сотко катышуусу жана түрк тараптын айрым коңшу өлкөлөрдөгү мурда сатылып кеткен түрк ишкерлеринин мүлкүнө карата эмнеге доомат коё албай калган жагдайы туурасында түшүндүрмө берди:

«Элчи түрк мамлекетинин кызыкчылыгын коргоо үчүн сотко келүүгө жана катышууга милдеттүү. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз Айгерди Хулиси деген адам Хасан Эрдоганга «Өзгүн Иншаат» компаниясына таандык акцияларды берип жиберген чечимди жокко чыгарып бергиле деп сотко кайрылып жатабыз. Ал эми Назарбековага эмне жок? Биз Назарбекова менен Хасан Эрдогандын ортосундагы макулдашуу боюнча сотко кайрылган жокпуз. Биз ага чейинки акциялар биринен экинчисине кандайча өткөрүлүп берилгени боюнча баштапкы бүтүм мыйзамсыз болгон деген негизде аны жокко чыгарууну соттон өтүндүк. Назарбекова «Аруу Жылдыз» ишканасынын жетекчиси катары сотко келип катышууда. Ал эми Тажикстанда дагы түрк жарандарына караштуу «Вефа» соода борбору болгон. Бирок ал Түркиядагы «Өзгүн Иншаат» компаниясынын активи катары мурда кошулбай калган экен. Кезинде ал акционердик коомдун менчигиндеги актив катары отургузулбаган экен. Кыргызстандагы «Вефа» соода борбору болсо Түркиядагы акционердик коомдун курамында болгон. Ал анын активи катары кирген экен. Ал эми Тажикстандагысы түшпөй калыптыр».

Түрк бийлиги ишкердин менчик укугун тааныбайт

2016-жылдан кийин түрк бийлиги алмаштырган компаниянын жетекчилиги «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун мурдагы директорлор кеңеши анын уставына ылайык, Кыргызстандагы «Вефа» соода борборун сатууга укугу жок болчу деп эсептейт. Ошондуктан анын доо арызында Түркиянын соту тарабынан аталган алды-сатты бүтүмү жараксыз макулдашуу катары жокко чыгарылганы көрсөтүлгөн.

«Өзгүн Иншаат» компаниясынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Алия Турумбекова кыргыз мыйзамдарына ылайык, ак ниет алармандын укугу кандай шартта корголо турганын айтып, бул боюнча мыйзамдын талабын башкача чечмеледи:

«Мисалы, бир үйдү ага тиешеси жок адам башка бирөөгө сатып жиберди дейли. Бирок бул жерде аны сатып алган киши өзүн «ак ниет аларман» деп атап жатса, кандай болуп калат? Ал эмне үчүн аны алдап сатып жиберишкенин жана баштапкы адам акчасын төлөбөй эле алып, аны кайра ага туура эмес сатып жибериптир деп айтпайт? Мен ошентип айтып, арыз жазат болчумун. Бул адам эмнеге антип жазбайт? Ошондуктан ал ошол мүлктү сатып алган кишиге барып, аны менен териштирип алууга тийиш. Бул жерде мыйзамдуу алды-сатты болгон эмес. Мамлекеттик каттоо кызматы деле бул мүлктү мыйзамсыз каттап жиберген. Бул боюнча мен арыз жазсам, азыр кылмыш ишин козгобой жатышпайбы».

«Вефа» соода борборунун айланасындагы чырга байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 6-мартта маалыматтык кулактандыруу таратты. Анда соода борборун талашып жаткан тараптар түрк элчиси Женгиз Камил Фыратты негизсиз каралап, ал тууралуу суу кечпеген маалыматтарды таратып жатканы айтылган.

Элчилик муну менен катар Түркия мамлекетине тиешелүү кыймылсыз мүлккө байланыштуу соттук иштин Түркиянын дипломаттары тарабынан да байкоого алынышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экени жазылган.

Женгиз Фырат
Түрк элчисинин маалыматтык кулактандыруусу

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты буга чейин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүгө аракеттенген дипломат катары сындагандар да болгон. Былтыр 2019-жылы май айындагы орозо маалында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы уюштурган ооз ачарга келген учурда Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат эмнеге ал жакка Орхан Инанды деген адам дагы чакырылганына нааразы болуп, муфтиятты жемелеген видео тасма Интернетке тараган.

Дипломат өз сөзүндө Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин да эске салган. Элчинин мындай кескин билдирүүлөр менен коштолгон таарынычына мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды да ушул ооз ачар дасторконго келиши себеп болгон.

Түрк өкмөтү бул мекемелердин негиздөөчүлөрүн дагы «гүленчилер» катары айыптап, анын мүлкүн өзүнө өткөрүп алууну талап кылган. 2016-жылы расмий Анкаранын ошол кездеги кыргыз бийлиги менен мамилеси бузулган. Ал эми түрк элчиси Женгиз Камил Фыраттын былтыр жайында Орок айылындагы чыр чыккан жерге бара коюп, ага комментарий бергени Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары кабыл алынган.

Түрк бийлиги Кыргызстанда диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп саналган «Себат» билим берүү мекемелерин жаап, анын базасында Түркия көзөмөлдөгөн жаңы окуу жайларды ачууга уруксат берүүнү кыргыз бийлигинен талап кылган.

Расмий Бишкек бул талапты четке кагып, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал 2017-жылы «Сапат» болуп өзгөргөн жана анын башкаруу формасына бир катар алымча-кошумчалар киргизилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG