Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Экономика

Карантин бизнести онлайнга көчүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00

Карантин учурунда онлайн кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлер көбөйдү. Алар кардарлардын үйлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жеткирип берүү кызматынын иши оорлоду. Адистер мындай абал жарандардын экономикалык сабаттуулугун текшере турганын белгилеп, коомчулукту акчаны үнөмдөөгө чакырышат.

Мануелла Зелла, швейцариялык турист.
Мануелла Зелла, швейцариялык турист.

Коронавируска байланыштуу аба каттамдары токтоп, анын айынан Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр да мекенине кайта албай жаткан кези.

Швейцариялык Кристиан Дагелин менен Мануелла Зелла ​ Кыргызстанга 2-мартта келген. Дээрлик бир жылдан бери дүйнө кыдырып жүргөн кыз-жигит 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген Ош шаарында камалып турушат.

Кристиан Дагелиндин маалыматына караганда, Кыргызстанда алардан сырткары онго жакын швейцариялык калып калган. Аларга элчилик азырынча Кыргызстанда туруп турууга кеңеш берген.

«Нетфликс» көрүп, «YouTube» көрүп убактыбызды өткөрүп жатабыз.

«Азыркы учурда Швейцариянын элчиликтери Түштүк Америкада швейцариялыктар көп болгондуктан ал жактан чартердик рейстерди уюштуруп алып келип жатат. Бирок Борбор Азияда жарандары аз болгону үчүнбү, андай рейстерди уюштура элек. Келечекте уюштурушу мүмкүн. Бизге элчилик «өзүңөр да карап тургула кандайдыр бир рейстер ачылып калышы мүмкүн» деген маалымат берди», - дейт ал.

Соңку күндөрү алар үчүн керектүү буюмдарды сатып алуу оорчулук жаратууда. Бирок алар убакытты кызыктуу өткөргөнгө аракет кылып жатышат. «Карантинден улам бардык жакты жаап салгандан кийин керектүү нерселерди сатып алуу кыйындашып калды. Тамак-ашпы же башка буюмдарбы. Бирок бул жердеги адамдар аябай жардам берүүдө. Эң башкысы биздин интернетибиз бар», - дейт Зелла. ​

««Нетфликс» көрүп, «YouTube» көрүп убактыбызды өткөрүп жатабыз. Өзүбүздү жакшы сезип атабыз», ​- деп анын сөзүн улады Кристиан.

Тамак жеткирип берүү кызматы иштесе жакшы болмок

Туристтердин айтымында, карантиндин шарттары күн өткөн сайын катаалдашып, алар тамактанган жайлар да жабылып, акыркы күндөрү тамак жеткирип берген кызматтар да иштебей калган.

Кристиан Дагелин менен Мануелла Зела Кытайда. Жеке архивден.
Кристиан Дагелин менен Мануелла Зела Кытайда. Жеке архивден.

«Бул жерде тамакты түрлөп жасай албайбыз. Бизге тамакты үйгө алдырып жеген оңой болот эле. Күн өткөн сайын бардык кафе-ресторандар да жабылып, «биз иштебей жатабыз» деп жооп беришүүдө», - дешти туристтер.

Кристиан Дагелин менен Мануелла Зелла ондогон мамлекетти 2019-жылдын май айынан тартып кыдырып келатышат. Алар Орто Азия мамлекеттерине Жибек жолу аркылуу саякатташ үчүн Кыргызстанга келишкен. Өз өлкөсүндөгү жакындарын сагынгандарын жана алар менен байланышуусун Кристиан төмөндөгүчө эскерди.

Швейцариядагы кырдаал Кыргызстандагыдан да кыйла оор.

«Туугандарыбызды, албетте, сагынып жатабыз. «Skype» жана «WhatsApp» аркылуу байланышып жатабыз. Бирок биздеги, Швейцариядагы абалды билебиз. Ал жакта кырдаал Кыргызстандагыдан кыйла оор. Биз баргандан кийин карантинге алынышыбыз мүмкүн. Баргандан кийин социалдык аралыкты сактайбыз, кучактай албайбыз».

Туризм менен алектенген ишкерлер биротоло үмүт үзүлгөнүн жана быйыл туристтик сезон болбой турганын айтышкан. Буга чейин Кыргызстан туристтер үчүн эң кызыктуу өлкөлөрдүн бири деп аталып келген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 27-мартка карата Швейцарияда коронавирус жуккандардын саны 11 миң кишиден ашып, 200гө жакын адам каза болду. Ал эми Кыргызстанда болсо илдетти жугузгандардын саны 58 кишиге жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG